ОШ. 16-декабрда «Ошэлектр» акционердик коомунун директору Курманбек Укулов маалымат жыйынын өткөрүп, анда Өзбекстан Карасуу районунун аймагы аркылуу электр кубатын жашыруун алып жатат деген маалыматты жокко чыгарды.
Анын айтуусу боюнча, массалык маалымат каражаттарынан мындай маалымат таратылары менен облустук прокуратура кызматкерлери менен бирдикте чек арага барып изилдеп чыгышкан. Чынында эле эки мамлекетти бөлүп турган каналдан Өзбекстан тарапка кеткен линия болгону менен ал расмий түрдө мамлекет аралык линия болуп бажыканада катталган. Бул зым аркылуу өткөн электр кубаты үчүн коңшулар келишимдин негизинде акы төлөшөт. Мындан тышкары Ош электр акционердик коомдун жетекчиси Курманбек Укуловдун айтымында, бир жума мурун электр берүүчү жана бөлүштүрүүчү жабдуулардын бардыгы 100% ремонттон өткөн. Бүгүнкү күндө Ош электр акционердик коому 320 миң абонентти тейлейт.