Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

ОРУСИЯДА КОНСУЛДУК АГЕНТТИКТЕР АЧЫЛАТ


БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Жаңы жылдын башында Орусиянын Новосибирск, Красноярск жана Самара шаарларында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук агенттиги ачылат. Мындай маалымат бүгүн миграция боюнча департаменттен алынды. Андан тышкары департаменттин өкүлчүлүктөрүн Оренбург, Курган жана Алтай облустарында ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Департамент андан тышкары Орусияда иштеген кыргыздардын 15 улуттук-маданий борборлору менен кызматташууну күчөтүп, Орусиянын облустук борборлорунда да кыргыздардын улуттук-маданий борборлорун түзүп, аларга облус жетекчилигинин көмөктөшүүсүн өтүнөт. Миграция департаментинин иликтөөсү боюнча, Орусияда жашаган кыргыздардын 10 % Орусияда окугандан кийин калып калгандар, 50 % бутуна туруп, иштеп жаткандар, 40 % соодага барып, иши жүрбөй кайра кайтууга акчасы жоктор түзөт.

XS
SM
MD
LG