Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН СЕССИЯСЫ УЛАНУУДА


БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы өз ишин улантты. Бул күнү депутаттар табигий кырсыктардын алдын- алуу жана ал алып келген зыяндарды четтетүү боюнча өкмөттүн отчетун укту. Премьер-министр Николай Танаевдин маалыматы боюнча, жумуруятта дагы 2 миңдей үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар жерлерде жашайт жана аларды коопсуз жерге көчүрүүгө үчүн ар бирине 200 миң сомдон берилиш керек. Бирок андай каражат учурда жок. Быйылкы жылы болсо 500 үй-бүлө башка жерге көчүрүлдү. Депутаттар жер астындагы суунун көтөрүлүшүн токтотууга да чара көрүүнү өкмөткө сунуштады. Талкуунун соңунда парламентчилер өкмөттүн аткарган иши боюнча токтом кабыл алышмакчы.

XS
SM
MD
LG