БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Бүгүн «Хаят» мейманканасында Кыргызстандагы Эл аралык ишкерлик кеңештин башкы ассамблеясынын жыйыны болду. Ага президент Аскар Акаев катышып, «Экономикалык реформалардын стратегиясы» деген темада сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө Кыргызстанда экономикалык өсүш бардыгын, иш баштоо шарты жеңилдетилгенин белгилеп, өлкөдөгү экономикалык өсүштүн булагы менчик тармак экенин билдирди. Ишкерлик кеңештин жыйынына Кыргызстанга ири инвестиция салган чет өлкөлүк ишкерлер, эл аралык банктардын өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү ишкерлер катышты