Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Парижде АКШнын атайын өкүлү Ирактын тышкы карыздарын жеңилдетүү маселесин талкуулап жатат


Бүгүн Кошмо Штаттардын экс-мамкатчысы Жэймс Бэйкер Парижге келди. Вашингтондун чабарманына Ирактын кредиторлорун өлкөнүн тышкы карызын кыскартууга көндүрүү вазийпасы жүктөлгөн.
Акыркы маалыматтарга караганда, Франция менен АКШ Ирактын карызын жеңилдетүү маселесинде орток пикирге келишти:

- Биз, АКШ менен Франция Ирак элинин мойнуна жүктөлгөн эбегейсиз карызды жеңилдетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү аябайбыз. Париж клубунун механизмдери аркылуу жүргүзүлө турган керектүү иш-чараларды эмки жылы баштоону көздөп жатабыз, - деди Бэйкер.

Жэймс Бэйкер Ирактын негизги кредиторлору болгон Франция, Германия, Россия өңдүү мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн президент Буш тарабынан дайындалган. Атайын өкүл европалык турнесин Берлинде улантат. Андан ары ал Москва, Рим жана Лондонго жол тартат.
Ирактын тышкы карызы 120 миллиард долларга чамалап барат. Анын ичинен Франциянын 3 миллиард, Германиянын 4 жарым миллиард жана Россиянын 8 миллиард доллар аласасы бар.

XS
SM
MD
LG