Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:35

Евросоюз АКШга каттаган авиажүргүнчүлөр тууралуу маалымат берип турганга макул болду


Бу тууралуу тараптар, АКШнын ички коопсуздук департаменти ырастагандай, өз ара макулдашууга жетишти. Кошмо Штаттарына каттаган европалык авиакомпаниялар өз жүргүнчүлөрү жөнүндө америкалык тарапка тийиштүү маалыматтарды берип турушат, мындай маалыматтар дүйнөлүк терроризмге жана эл аралык уюмдашкан кылмышка каршы күрөштө гана пайдаланылат. Евросоюздун макулдугун алуу үчүн Вашингтон жүргүнчүлөрдүн жекече укуктарын сактоо жагынан бир катар чараларды сунуш кылды. Макулдашууну эми Европарламент карап чыгат.

XS
SM
MD
LG