Нино Буржанадзе мындан эки күн мурда Бакуда Гейдар Алиевдин таажиясы маалында орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, учкай сүйлөшүү өткөргөн эле. Тышкы иштер министри Теде Жапаридзенин айтымында, азыр визит үчүн зарыл болгон дипломатиялык иштер жасалып жатат. Жапаридзе Москвада орус тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушкан соң эки тараптын мамилеси айласыз абалда калганын белгилеп, алаканы жакшыртуу зарыл деп билдирди.