Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Багдадда чоң жарылуу болду


Андан бери дегенде он эки киши мерт болду, он бештейи жабыркады. Багдад полициясынын башчысы билдирген маалыматтарга караганда, эки жан кечти-террорист жанармай тарткан машинаны полиция кеңсесине жакын жерде жардырмак болгон экен, бирок алар көчөнүн кесилишинде автобуска урунуп алып, ошол жерде жарылып кетишкен. Ал эми Самарра шаарында америкалык аскерлер ирак адабатчыларына каршы жаңы операция өткөрүп жатышат. Кечээ бул жерде жетимиштен ашуун киши кармалды, алардын баары антикоалициялык кошундарга катышкан дешет. Кармалгандардан көп сандагы курал-жарактар жана ок-дүрмөттөр алынды.

XS
SM
MD
LG