Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Саддам Хусейнди Багдадда кармап турушат


Бул тууралуу бүгүн Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөсү Муаффак ал-Рубайе билдирди. Анын айтымында, Саддам сөзсүз соттолот жана процесс ачык болот. Бирок бул процесс качан башталары, экс-диктатор аскери туткун катары соттолобу же аскери кылмышкер иретинде жоопко тартылабы, азырынча белгисиз. Башкаруу кеңешинин экинчи бир мүчөсү Аднан Пачачи сотко эл аралык эксперттерди катыштыруу зарылдыгын белгиледи. Америкалык аскери өкүлдөр колго түшкөн Саддамдын каерде кармалып жаткандыгын буга чейин жашырып айтышкан эмес эле. Арап маалымат каражаттары таркаткан кабарларга караганда, эски режимдин экинчи адамы эсептелинген Иззат Ибрагим ал-Дури да бүгүн коалициялык аскерлердин колуна түшүп берди. Бирок муну азырынча америкалык өкүлдөр ырасташа элек.

XS
SM
MD
LG