Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

ООНдун коопсуздук кеңешинде Ирак проблемасы талкууланды


Ирактын башкаруучу кеңешинде тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Хошияр Зебари ООНду сынга алып, бул уюм Саддам Хусейндин отуз беш жылдык зулумдугун ооздуктай алган жок деп белгиледи. Ошону менен бирге Зебари эми Иракты кайра тикелөө ишинде ООНду негизги ролду өзүнө алганга чакырды. ООНдун мүчөлөрүн Ирактагы аскерий операция боюнча талаш-тартыштарды унутканга үндөп, Зебари мындай саясий ыйкы-тыйкылыктар коопсуздук, эркиндик жана адам укуктары үчүн күндөлүк күрөштө ирактыктарга жолтоо болуп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG