Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Көкбөрү федерациясынын 3-курултайында жаңы жетекчи шайланды


БИШКЕК. «Көкбөрү» федерациясын 5 жылдан бери Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болотбек Шерниязов жетектеп келди. Анын күчү менен бул оюн эларалык деңгээлге көтөрүлдү. 7 мамлекеттин башын бириктирген эларалык «Көкбөрү» федерациясы түзүлүп, штаб-квартирасы Бишкекте ачылды. Кыргыз жергесинде эле 100гө жакын көкбөрү командалары пайда болуп, эл аралык мелдештер жогорку деңгээлде өтүп келатат. Курултайда Болотбек Шерниязовдун буга чейинки жасаган иштерине эң жакшы баа берилди. Уюмдун уставына ылайык эми убактысы келгенде федерацияны жетектөө милдети Нарын обулусунун губернатору, «Дордой» командасынын кожоюну Аскар Салымбековго жүтөлдү. «Көкбөрү» аттуу гезит-журнал чыгаруу демилгеси да колдоого алынды. Өлкөнүн спорт тарыхында биринчилерден болуп «Дордой» командасынын өкүлдөрү Эмил Бөкөшев менен Эрмек Шекитовго жана Сокулуктун «Рассвет» командасынын капитаны Индусбек Бөкөнбаевге «эларалык спорт чебери» деген наам ыйгарылды.

Кабарларды Айданбек Акмат уулу менен Бүбүкан Досалиева даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG