Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

17-декабрда Ташкөмүр шаарынын 60 жылдыгы белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. 1943-жылы апрелден тартып шаардыктарга айланган ташкөмүрлүктөрдү губернатор Жусупбек Шарипов куттуктап, 5 адамга облустук бийликтин «Ардак грамотасын» жана акчалай сыйлык тапшырды. Губернатор 41 миңден ашуун адам жашаган шаарды өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктан бериле турган 15 млн. долларды максаттуу пайдаланууну өтүндү. «Борбор Азиянын кочегары» атка конгон Ташкөмүрдө көмүр казуу 1909-жылы башталып, 1991-жылы бир миллион тонна көмүр казылган. Быйыл болсо шаар 7 миң тонна көмүр берген. Шаардагы «Гидросталь» ишканасы тапшырмасын 242% орундаткан. Бирок, шардыгы 10 өнөр-жай ишканасынын бешөө илең-салаң абалда.

XS
SM
MD
LG