Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Ысыккөл облусунда бак-дарактарды уруксатсыз кыюуга тыюу салынды


КАРАКОЛ. Облус губернатору Токон Шайлиеванын «Азаттык» радиосунун кабарчысына билдирген маалыматына караганда, акыркы 4-5 жылда Каракол шаарынын көркүнө көрк кошуп, ажарын ачкан бак-дарактарды уруксатсыз кыюу күчөп кеткен. Эми шаар тургундарынын өтүнүчүнө ылайык, мындан ары бак-дарактарды уруксатсыз кыюга тыюу салынып, ал эрежени бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Ала жаздан тартып карагайдын, тал-теректердин көчөттөрү отургузула баштайт.

 

XS
SM
MD
LG