БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланып, депутаттар бюджетке көп киреше берүүчү ишканалардын абалын жана алардан салык жыйноо маселесин талкуулашты. Бул маселе боюнча депутаттардын суроолоруна Каржы министри Болот Абилдаев жооп берди. Болот Абилдаев министрликтин алдында жакында түзүлгөн Кирешелер боюнча комитеттин ишинин натыйжасы аз экенин белгилеп, андан көрө бажы, салык кызматтарынын жеке жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтты. Болот Абилдаевдин сөзүнө караганда, салык, бажы төлөмдөрүнүн аз жыйналып жатканына коррупция тоскоолдук кылып жатат. Бирок министр коррупционерлердин атын атоону талап кылган депутаттардын суроолорун жоопсуз калтырды. Бүгүн депутаттар ошондой эле, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Темирбек Акматалиевдин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалуусуна макулдук берүү тууралуу маселени сессиянын күн тартибине киргизишти.