Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:49

Туризмди өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы даярдалды


БИШКЕК. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясынын жаңы редакциясы даяр болду. Бул тууралуу бүгүн Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурмамбет Токтомамбетов билдирди. Анын айтымында, аталган документ «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен даярдалды. Аны даярдоого өкмөттүн, туристтик компаниялардын жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгы катышып, акырында туризмди өнүктүрүүгө жапа тырмак катышуу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Анын негизинде Кыргызстанда туризм боюнча маркетингди өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. «Жибек жолу» туристтик ассоцияциясынын президенти Анатолий Комиссаровдун айтымында, туризмди өнүктүрүүгө эң ириде Кыргызстан тууралуу чет мамлекеттерде маалыматтын аздыгы жана өлкө ичинде мыйзамдардын бири-бирине карама-каршы келиши тоскоолдук кылууда.

XS
SM
MD
LG