Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Шайлоо алдындагы үгүткө Орусия басылмаларынын Кыргызстандагы тиркемелери катышалат


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусу боюнча «Шайлоо кодексине» киргизилген өзгөртүүгө байланыштуу түшүндүрмө таратты. Ага ылайык өзгөртүү кодекске тактоо иретинде гана киргизилди жана ал массалык маалымат каражаттарынын укуктарын бузбайт. Комиссиянын маалыматы боюнча, Орусия басылмаларынын Кыргызстандагы тиркемелери шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша алат. Анткени, алар өлкөнүн Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндүктөн Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары болуп эсептелет. Ал эми чет өлкөлүк ММКга, БШКнын пикири боюнча, Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөгөн, бирок, Тышкы иштер министрлигинен кабарчыларын жана бөлүмдөрүн каттоодон өткөргөн чет өлкөлүк ММКлар кирет. Мындай жобо кодекске БУУнун Башкы Ассамблеясынын №54/168 резолюциясынын негизинде киргизилген. БШКнын айтымында, чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары шайлоого байланыштуу «Эмне? Кайда? Качан?» деген принцип менен бейтарап маалыматтарды бере алышат.

XS
SM
MD
LG