Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Эсеп-кысап аппаратын орнотуу боюнча өкмөттүн демилгеси мыйзамсыз дешет депутаттар


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитетинин демилгеси менен базарларда эсеп-кысап аппаратын орнотууга байланыштуу парламенттик угуу болду. Ага өкмөттүн, ишкерлердин, кесиптик кошуундардын өкүлдөрү жана депутаттар катышты. Алар президент Аскар Акаевди наамына кайрылуу кабыл алышып, өкмөткө беш пункттан турган сунуш жолдошту. Президентке жолдогон кайрылууда эсеп-кысап аппаратын орнотуу иши мамлекеттин экономикасына зор зыян алып келип, жумушчу орундарын кыскартаары айтылган. Өкмөткө болсо эки апта ичинде эсеп-кысап аппараттарын орнотуу тууралуу жобо иштеп чыгуу сунушталды. Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитеттин өзү болсо «базарларда эсеп-кысап аппаратын орнотуу жөнүндө өкмөттүн токтому мыйзамсыз» деген чечим кабыл алмак болду. «Дордой» базарынын кесиптик кошуунунун төрагасы Анатолий Новиковдун айтымында, өкмөт аппарат орнотуу тууралуу чечиминен баш тартпаса өлкө 24 млн. доллар чамасындагы каражаттан ажырашы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG