Ирактагы америкалык башкармалыктын айтымында, кечээ күнү Багдад шаарында күйүүчү май алып бараткан машиненин жарылышы жол кырсыгынан чыккан, ага террорчулардын тийешеси жок. Ал машине - жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобус менен кагылышып кеткен жана жарылуудан он адам каза болуп, дагы 15 киши жарат алды. Багдаддын түндүгүндөгү Самарра шаарында өткөрүлгөн операциянын натыйжасында жетимишке жакын куралчан адам камакка алынды. Андан тышкары, башкармалыктын айтымында, мурдагы президент Саддам Хусейн азыр Багдаддын алдында кармалууда.