Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Франциянын билим берүү министрлиги мектептерде жоолук салынып жүрүүгө тыюу салат


Министр Лу Ферри жаңы жылдын башында парламентке окуу жайларында жоолук салынып жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоор сунуш кыларын жарыялады. Министрликтин демилгеси кечээ калкка кайрылуу жасаган француз президенти Жак Ширак тарабынан колдоого алынган. Министр өз сунушун Францияда 1905-жылы кабыл алынган динди мамлекеттен ажыратуу жөнүндөгү мыйзамга негиздемекчи.

XS
SM
MD
LG