Украинанын Крым облусунда өткөн түнү Кара деңиз тарапка бараткан автобус жолдон чыгып кетип, тоо арасындагы аңга кулаганда, андагы 16 киши каза таап, 20 адам жараат алышты. Расмий органдар айдоочу көзү илинип кетип, көзөмөлдү жоготконун айтышат. Грузияда Тбилисиден Гори шаарына чоң ылдамдыкта бараткан чакан автобус аварияга учурап, 5 киши жантаслим болуп, 10 чакты адам ооруканага жеткирилди.