Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:35

Ооганстанда Лойя Жырганын иши кризиске кептелди


Ооганстандын конституция долбоорун талкуулаганы чогулган Лойя Жырганын 150дөй делегаты баш мыйзамды бекитээрден мурун өлкөдөгү бийлик түзүлүшүн добушка коюуну талап кылып жатышат. Алар убактылуу президент Хамид Карзайдын бийлигин чектеп, күчтүү парламент жана өкмөт башчылык кызматты киргизүүнү сунуш кылышууда. Талаштын чордонунда талибан режимин кулатууга катышкан мурдагы Түндүк альянстын жетекчилери, экс-президент Бурхануддин Раббани жана генерал Абдул Рашид Достум турушат. Байкоочулар Ооганстандагы саясий түзүлүштү сындаган көпчүлүгү өзбек, хазарей, тажик ж.б. делегаттар Лойя Жырганын ишин туңгуюкка кептегенин кабарлашты.

XS
SM
MD
LG