Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Жеймс Бейкер Ирактын карыздарын талкуулаган иш сапарын улантууда


Насыя берүүчү өлкөлөрдүн Париж клубу Ирактын береселери боюнча кандайдыр чара көрүү алдында өлкөнүн эл аралык коомчулук тааныган жетекчилиги дайындалышы керек деп эсептейт. Париж клубунун президенти Жан Пьер Жуайе Ирактын тышкы карызы 115-120 млрд доллардын тегерегинде экенин маалымдады. Ага удаа Ирактын карыздары боюнча АКШлык чабарман Жеймс Бейкер менен жолугушкан Британиянын премьер-министри Тони Блэр британ өкмөтү Ирактын карыздарын жеңилдетүү маселесин колдоорун билдирди. АКШ, Франция, Германия, Италия, Британияда болуп, Ирактын карызын келээрки жылдын аягына чейин чечүүнү сунуш кылган Бейкер бүгүн Москвага барды. Ал президент В.Путин менен Ирактын Орусияга болгон 8 млрд долларлык карызын талкуулайт.

XS
SM
MD
LG