Ал документ Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттигине Иранда инспекция жүргүзүүгө укук берет. Тегерандын өкүлү Али Акбер Салехи жана МАГАТЭнин жетекчиси Мохамед эл-Барадейи Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге кошумча протоколго бүгүн Венада кол коюшту. Ирандын вице-президенти Голамреза Агазаде шаршембиде Тегеран өзүнүн атомдук өнөр жай тармагындагы иш-аракеттери аскердик максатты көздөбөөрүн далилдеп берүүгө даяр деп билдирген.
Иран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге кошумча протоколго кол койду