1-январда жаңы жыл майрамын тосуу христиан дининен келгени менен, азыркы тапта аны дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык эл майрамдайт. Жаңы жыл учурунда үйгө балаты коюп, аны кооздоо - түндүк аймактарында жашаган христиандардан келген, бирок, мисал үчүн, Кыргызстанда антип жаңы жыл тоскондор христиан дини тууралуу көп деле ойлобойт.
Жаңы жыл менен кошо дүйнө жүзүндөгү христиандар 25-декабрда Иса пайгамбардын туулган күнүн да белгилейт жана бул майрам алардын баалуулуктар ченеминде Жаңы жылдан өйдө турат. Аны менен динге берилбеген адамдар дагы христиан маданиятынын чегинде кармалат. Кыргыздардын бир тобу да динчил болбогону менен адам өлгөндө ага куран окутуп, тажыяны мусулманча өткөрүү адаты менен ислам маданиятынын чегинде калууда.
Ошол эле христиандар арасында орус ортодокстору да бар. 1917-жылдагы коммунисттик көтөрүлүштөн кийин Лениндин өкмөтү Орусиядагы календарды башка дүйнөнүкү менен төп келиштирип, жүздөгөн жылдарда чогулган 14 күндүк айырманы жок кылган. Ошондуктан 25-октябр күнү болгон көтөрүлүш кийин 7-ноябрда белгиленип калган. Бирок өлкөнүн диний жетекчилиги жаңы календарга өтүүдөн баш тарткан жана бүт дүйнө Исанын күнүн 25-декабрда белгилесе, орустар аны 7-январда майрамдайт жана дал ошондой айырмачылык кайсы бир деңгээлде орус маданиятын башка христиандардыкынан ажыратып, анын өзгөчөлүгүн сактайт.
25-декабрда белгиленген Иса пайгамбардын туулган күнү, же орусча "рождество", же батышча "Крисмас" (Christmas) - жөөттөрдүн байыркы ханукка майрамына төп келет. Ханукка биздин заманга чейинки 164-жылдан бери белгиленип келет, ал жылы жөөттөр сириялык оторчулуктан кутулган. Бирок кийин христиан дини бүткүл дүйнөгө жайылып, эң алдыңкы европалык жана америкалык мамлекеттер христиан маданиятына таандык болгондуктан, 25-декабрда негизининен христиан майрамы белгиленип калды.
Мындай абалда, мисал үчүн, жөөттөр өздөрүнүн ханукка майрамын да унутуп бараткан, бирок акыркы мезгилде жөөт диний жана маданий ишмерлери ханукканы да майрамдап, жаштарды байыркы жөөт маданиятына кайрадан тарта баштады. Ханукка сегиз күн бою белгиленет жана ар бир күнү менора аттуу сегиз баштуу шамдалда улам бир жаңы шам күйгүзүлөт.
Праганын Жөөт атуулдук коомунун деректири Петер Гиоринин айтымында, 7-декабрдагы ханукка майрамы өзүнүн так мөөнөтүнөн эки апта мурда өткөрүлсө дагы, ага күтүлбөгөндөй көп адам келип катышты жана окуянын мындай бурулушу ага бир топ кошумча дем берди:
- Теги жөөт абдан көп адам үйүнө балаты коюп, крисмасты белгилейт, бирок алар үчүн хрисмас диний эмес, жөн гана маданий майрам. Биз болсо аларга: “Силер жөөтсүңөр, силердин майрамыңар ханукка”, - деп айтууга аракеттенүүдөбүз. Биздин максатыбыз - жаштарды жана жөөт салттарынан чыгып кеткендерди кайрадан жөөт турмушуна кызыктыруу. Бул багыттагы эң негизги нерсе - жөөт майрамдарын өз туугандары жана достору менен кайрадан белгилей баштоо. Бул канчалык маанилүү экенин ченеп айтуу мүмкүн эмес.
Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Чехияда 80 миңге жакын жөөт жашаган, нацисттер алардын көпчүлүгүн концлагерлерде өлтүргөн. Согуш учурунда жана андан кийин жөөттөр Чехиядан чет өлкөлөргө качкан, социализм мезгилинде жана өзгөчө 1968-жылы Прагага Варшава пактынын аскерлери киргизилгенден кийин дагы эмиграция күчөгөн. Азыр өлкөдө 15-20 миң гана жөөт бар.