Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Германияда өтчү чемпионатка талапкерлерди иргөөнүн мөөнөтү такталды


БИШКЕК. 18-декабрда Кыргызстандын Футбол федерациясы 2006-жылы Германияда өтчү дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринин экинчи айлампасында ойнолуучу беттешүүлөр качан жана кайда болоорун белгиледи. Биринчи этапта Пакистанды 6:0 эсебинде уткан Кыргызстандын футбол командасы экинчи айлампада Сирия, Бахрейн жана Тажикстан менен беттешмекчи. Биринчи беттешүү 19-февралда Тажикстандын курама командасы менен болот, ал Бишкекте өтөт. 31-мартта Бишкекте дагы бир оюн болуп, бул ирет кыргыздар Сириянын футболчуларын кабыл алышат. Үчүнчү оюн 9-июнда Бахрейн менен алардын талаасында болмокчу. Жооп иретиндеги Бахрейн менен оюн 8-сентябрда Бишкекте өтөт. Тажикстандыктар менен экинчи беттешүү 10-октябрда Дүйшөмбүдө жүрөт. Андан соң 17-ноябрда кыргызстандык футболчулар Дамаск шаарында күчтөрүн сынашат.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG