КАРАКОЛ. Жыйында «Алга, Кыргызстан» партиясынын уставы жана программасы талкууланып, анын максаттары тууралуу айрым суроолорго жооптор берилди. Анда айтылган маалыматтарга караганда, партиянын Каракол шарында 11 баштапкы уюму түзүлдү. Шаар боюнча партияга 165 адам мүчө болуп катталышты. Конференциянын учурунда «Алга, Кыргызстандын» өкүлү партиянын мүчөлөрүнө партбилет тапшырды. Конференциянын соңунда партиянын Каракол шаардык кеңешинин төрагалыгына «Буудай-Каракол» мамлекетик ишканасынын деректири Конокбек Түкөшов шайланды.