ООНдун трибуналы Мирослав Квочканы жети жылга түрмөгө кескен эле. Ал жаза мөөнөтүнүн теңинен көбүн өтөгөнгө үлгүрдү жана Гаагадагы аппеляциялык процесске өз ыктыяры менен келгенге сөз берди. Квочка 90-жылдардын башында Омарскадагы концлагердин начальнигине орунбасар болгон, аталган концлагерде миңдеген мусулмандар менен хорваттар кызылдай кыйноо тартышкан.