Евросоюз жана Россия бул окуяны канааттануу менен белгилешти. Муну Кошмо Штаттары да колдоду, бирок мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер Иран дүйнөлүк коомчулуктун талаптарын толук аткаруу жагынан алгачкы кадам жасаганын гана эске салды. Иран эми бул документти ратификациядан өткөрүп, күчүнө киргизиши керек, деп айтты Баучер. Ядролук куралдарды таркатпоо келишиминин кошумча протоколуна кечээ Венада кол коюп, Тегерандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Акбар Салехи Иран өзүнүн согуштук атом программасы жоктугун далилдегенге даяр деп билдирди.