НАРЫН. Кочкордогу эң алгачкы «Дээр аяны» эркин гезити «Дээр аяны» деп аталган коомдук бирикменин алдында чыгууда. Гезит кыргыз тилинде миң нуска менен жарык көрүп, элет акын-жазуучуларынын чыгармаларын жана атуулдук коомдун өнүгүшүн, адам укуктарынын сакталышын чагылдырууга басым жасайт. Азырынча гезит «Учкун» басмаканасында чыгып жатат. Келечекте Эркин басмаканадан чыгаруу тилеги бар.