Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газын берүүгө макул болбой жатат


БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысы Автандил Сыдыковдун Өзбекстанга жасаган иш сапары натыйжасыз аяктады. «Узтрансгаз» 2004-жыл үчүн Кыргызстанга жаратылыш газын берүү тууралуу келишимге кол коюуга макул болгон жок. Буга байланыштуу кыргыз өкмөт башчысынын атынан Өзбекстандын өкмөт башчысына кат даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына «Кыргызгаздын» жетекчисинин орун басары Кубанычбек Жусупов билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан тарап 2004-жыл үчүн жаратылыш газына акыны толук нак акча менен төлөөнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Өзбекстанга жаратылыш газы үчүн 10,5 млн. доллар карыз.

XS
SM
MD
LG