Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Эл өкүлдөр жыйыны 17-сессиясын аяктады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 17-сессиясынын экинчи этабын 18-декабрда аяктады. Бул ирет депутаттар 60тан ашуун маселени талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды. Улуттук банктын отчету анын төрагасы Улан Сарбановдун Кытайда жүргөндүгүнө байланыштуу угулган жок. Сессиянын акырында депутаттар Улуттук банктын ишин текшерүү боюнча аудиторду бекитүү маселесин карап, бирок, Улуттук банктын сунушун колдогон жок. Айрым депутаттардын пикирлерине караганда, аудитор катары «Делойт жана Туш» аттуу компанияны тандап алууда Улуттук банк мыйзамдарды бузган. Ошондуктан, Эл өкүлдөр жыйыны токтом кабыл алып, анда Улуттук Банктын Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароону президентке сунуштады. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны болсо июнь айында «Делойт жана Туш» компаниясын колдогон чечимди чыгарып берген.

XS
SM
MD
LG