БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «өкмөттүк саатта» Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана өкмөт тарабынан бөлүнгөн 79 млн. сомдун жана Кытайдын 1 юаны түрүндө бөлүнгөн жардам тууралуу маселени карады. Демилгени көтөрүп чыккан депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, Аксы окуясынан кийин калкка социалдык колдоо көрсөтүү максатында президенттик фонддон, өкмөттүн жана башка тараптардын эсебинен бөлүнгөн каражаттардын көбүнүн дайыны жок. Депутаттын суроосу боюнча өкмөттүн берген жоопторуна караганда, Аксы районуна пландуу жана кошумча каражаттардын барын кошкондо 31 млн. сомго жакын каражат берилген. Ал эми өкмөттүн аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков менен Аксы районунун акими Абдымалик Эгембердиев берген маалыматтарга караганда, аталган каражат ар бир адамга бөлүнүп берилбегени менен, социалдык абалды жакшыртууга жана карыздарды төлөөгө жумшалды. Талкуунун жыйынтыгында аталган маселе боюнча токтом кабыл алынды. Ага ылайык өкмөт райондун социалдык-экономикалык жагдайына байланыштуу айтылган сунуштарды ишке ашыруунун абалы боюнча май айында парламентке билдирүү жасай турган болду.