Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Президент журналисттерди соттоого каршы мыйзам долбоорун парламентке жиберди

БИШКЕК. Президент Аскар Акаев жалган маалымат үчүн 3 жылга эркинен ажыратууга негиз берген Кылмыш-жаза кодексиндеги 127-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке жиберди. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, ушул эле мыйзам долбооруна ылайык «Мамлекеттик төлөм тууралуу» мыйзамдагы маалымат каражаттарына байланыштуу беренеге өзгөртүү киргизилди. Эми «ар-намыс, абийириме шек келтирди» деп сотко кайрылган доогер адегенде моралдык чыгым үчүн сураган акчанын 5% мамлекетке төлөп берүүсү зарыл. Мыйзам долбоору жакынкы күндөрдө депутаттар тарабынан каралат.
XS
SM
MD
LG