Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Депутаттар өкмөткө Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кылды


БИШКЕК. Өзбекстандын тартип коргоо кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу фактысына байланышкан маселени бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны талкуулады. Мурда маалымдалгандай, 10-декабрда Аксы районунун айрым жашоочуларынын үйүн Наманган облусунун 9 кызматкери мыйзамсыз тинтип, Жетиген айлынын тургуну Алымбек Батыралиевди кармап кетүүгө аракет кылышкан. Жардамга келген аксылыктар А. Батыралиевди ажыратып калышып, өзбек атуулдарын кармап, күч органдарына тапшырышкан. Бирок, Жалалабад облусунун күч органдары маселени териштирбей, кылмыш ишин козгобой туруп, аларды Өзбекстанга коё берип жиберишкен. Буга байланыштуу кечээ Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик коопсуздук комитети облустун күч органдарынын жетекчилерин кызматтан бошотуу сунушун көтөрүп чыккан.
Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында Жалалабад облустун прокурору Айбек Турганбаев суроолорго жооп берип жатып, чегарага жакын аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында өзбек атуулдарын коё берүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев болсо облпрокурор Айбек Турганбаевдин өз алдынча чечим кабыл алууга укугу бар экенин белгилеп, бирок, аталган маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү убада кылды. Депутаттар Ө. Текебаев, К. Байболов А. Турганбаевди кызматтан четтетүүнү талап кылышты. Айрым депутаттар кыргыз-өзбек чегарасында акыркы кездерде болуп жаткан окуялар боюнча Өзбекстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өкмөткө сунушташты. Кворумдун жоктугуна байланыштуу бүгүн депутаттар Кербендеги 10-декабрда болгон окуя боюнча токтом кабыл алышкан жок. Маселе дүйшөмбүдө каралат.

XS
SM
MD
LG