Ирактын карыздарын жеңилдетүү маселеси боюнча АКШ президентинин атайын өкүлү Жеймс Бейкердин айтымында, маселе абдан оор. Өткөн аптада Бейкер Франция, Алмания, Италия, Улуу Британия жана Орусияда болуп, ал өлкөлөрдүн жетекчилери менен Ирактын карызын кыскартууну талкуулаган, бирок дагы көп нерсе жасалууга тийиш. Келерки апталарда Бейкер башка өлкөлөрдүн башчылары менен дагы жолугат. Ирактын карызы 120 миллиард доллардан ашык.