Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Иран жетекчилиги Батыштан өлкөгө карата мамилесин өзгөртүүнү талап кылууда


Ирандын Сакчылар кеңешинин төрагасы Акбар Хашеми Рафсанжани кечээ күнү атайын жарыя жасап, эми Батыш өлкөлөрү Иранга анын өзөктүк ишканаларын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө тийиш деп билдирди. Иран 18-декабрда Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин кошумча протоколуна кол койгон жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик эми Ирандын ишканаларын качан кааласа текшере алат. Рафсанжанинин айтымында, келишимди эми Ирандын парламенти жактырууга тийиш жана ага чейин Батыш өлкөлөрү Иранга карата түз пейилде экенин көрсөтүшү керек.

XS
SM
MD
LG