Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Израил өкмөтүнүн аракеттерин АКШ кайрадан колдоого алды


АКШ жетекчилиги кечээ күнү жөөт премьер-министри Ариел Шарондун жаңы саясатын колдоого алды. Шарон 18-декабрда эгер "Жол картасы" аттуу планды арабдар аткарбаса, жөөт өкмөтү Израил менен Палестинаны бөлө турган чараларды көрө турганын жарыялаган жана АКШ жетекчилиги ага алгач каршы чыккан. Палестинанын премьер-министри Ахмед Корейи Израилдин андай аракетин сынга алууда: "Биздин көөнүбүз кайтууда. Мен такыр башканы күткөм. Мен кайталагым келет, биз 'Жол картасы' аттуу планды аткарууга даярбыз. Тараптар 1967-жылдын 4-июнуна чейинки чектерге чегинүүгө тийиш. Биз туруктуу келишим түзүүгө жана чатакты толук токтотууга кызыкдарбыз". Шарондун айтымында, агер арабдар анын саясатына макул болбосо, алар орчундуу жоготууга дуушар болот.

XS
SM
MD
LG