Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыргыз диаспораларынын ассоциациясы түзүлдү


БИШКЕК. Жакында Екатеринбург шаарында кыргыз диаспораларынын эларалык ассоциациясы түзүлдү. Анын президенти болуп «Замандаш» фондунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракунов шайланды. Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда бул өлкөнүн аймагында 100 миң кыргыз бар. Бирок, көпчүлүк атуулдар чет өлкөлөргө мыйзамсыз жол менен чыгып кеткендиктен, алардын так санын аныктоо мүмкүн эмес. Алардын укуктарын коргоо максатында түзүлгөн бул уюм Бишкектен каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG