ЖАЛАЛАБАД. Адам укугун коргоочулар өз жыйынында «Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүүсүн мыйзамсыз» деп баалашты. Комитеттин башчылыгына май айында 5 жылга шайланган Рамазан Дырылдаевге бийлик жалган жалаа жаап, куугунтукка алып келатат деп эсептешээрин билдиришти. Жыйынга катышкандар Юстиция министрлигинен комитетти кайра каттоодон өткөргөн чечимин жокко чыгарууну, Рамазан Дырылдаевди гана комитет жетекчиси деп таанууну талап кылышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун, Эларалык Хельсинки Федерациясын менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигин кыргыз бийлигинин көрсөтмөсү менен жабыр тарткан уюмдарды коргоого чакырышты.