БИШКЕК. Жалалабад облусунун Аксы районунун аймагындагы Актерек арыгы эки жылда курулат. Мындай маалыматты жума күнү өкмөттүн аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, мындай буйрукту премьер-министр 20-ноябрда чыгарган. Актеректин узундугу 1,2 чакырым. Мындан тышкары бул жерге кубаттуулугу 10 миң кВатт/сааттык подстанция, насостук төрт станция курулат жана 27 чакырымдык беш арык калыбына келтирилет. Актерек курулса 5 айыл электр кубаты менен камсыз болот. Мындан тышкары 500-600 кожолуктан турган 2 айылдын курулушуна жол ачылат. Депутат Азимбек Бекназаров болсо жылдан-жылга кетенчиктеп келаткан бул долбоордун ишке ашаарына ишенбейт. Актерек арыгын куруу демилгеси мындан 32 жыл мурда көтөрүлгөн. Өткөн жылы премьер-министр 2002-2008-жылдар аралыгында бүткөрүү тууралуу токтом чыгарып, бирок, каражаттын жоктугунан иш жылбай турат.