БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы көз карандысыз эксперттердин кеңешин түзө турган болду. Анын алгачкы уюштуруу жыйыны жума күнү өтүп, анда уюмдун жобосу талкууланды. Отурумда жобого кошумчаларды жана түзөтүүлөрдү киргизүү максатында жети кишиден турган атайын топ түзүлдү. Анын тутумунда коомдук ишмер Мар Байжиев, укук коргоочу Турсунбек Акун, «Сезим» борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова бар. Жобонун долбоорунда белгиленгенге караганда, кеңеш атуулдардын Конституциялык укуктарын коргоо максатында түзүлүп, кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ болот. Аны теңтөрагалар башкарып, биринин милдетин Акыйкатчынын кеңешчиси аткарат, экинчиси эксперттердин арасынан тандалып алынат. Негизги талаш кеңеш кандай милдетти өтөйт дегенден чыкты. Так айтканда, ал эксперттик милдетти өтөйбү же жөн гана кеңеш берүүчү орган болобу – бул азырынча чечиле эле.