Ташкент. Эл аралык укук коргоочу “Хуман Райтс Уотч” уюму Өзбекстандын жетекчилерине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда уюм абакта отурган Камалидин Жуманиязовдун өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштерин тыкат жүргүзүүнү Өзбекстандын жетекчилигинен өтүнгөн.
Укук коргоочулардын билдирүүсү боюнча Жуманиязов “уурулук кылган” деген айып тагылып, абакка отургузулган. Ал бир жумадан кийин абакта жаткан жеринен каза болгон. Өзбекстандын расмий булактары аны «өзү асылып өлгөн» деп жатышат. “Хюман Райтс Уотч уюму” Өзбекстанда кылмышка шектүү деп кармалган адамдарга ар түрдүү күч колдонуп, айоосуз кыйноолор көнүмүш адатка айланып баратканын тынчсыздануу менен белгилеп жатат.