Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Ливиянын массалык кыргын кылуучу курал программасынан баш тартуусун Батыш өлкөлөрү кубаттоодо


Дубай. Бүгүн Ливиянын тышкы иштер министри Мохаммед Абд ар-Рахман «ал-Жазира» сыналгысына берген интервьюсунда кечээ күнкү Ливиянын массалык кыргын кылуучу куралдар программасын токтотуу тууралуу билдирүүсүн тастыктады. «Ливиянын мындай кадамга баруусу АКШ, Улуу Британия менен болгон байланышты чыңдайт жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылат», - деди ар-Рахман. Ливиянын мындай чечимин Франция, Кытай, Жапония мамлкекеттери да кубатташууда.
Жума күнү АКШнын президенти Жорж Буш Ливиянын мындай кадамын кубаттоо менен кабыл алды:

- Эгерде өлкөнүн жетекчилиги мындай кадамын иш жүзүндө далилдесе, Ливия дүйнө коомчулугунда абройлуу болуп, бийлик өлкөсүнүн коопсуздугун камсыз кылып, АКШ менен мамилесин жакшыртат.

Ливиянын жума күнкү мындай кадамын Британиянын премьер-министри Тони Блэр да тастыктады:

- - Ливия өзүнүн массалык кыргын кылуучу курал программасын толугу менен токтотуп, ракеталарын эл аралык келишимдин негизинде көзөмөлдөөрүн жарыялады .

Ливия массалык кыргын кылуучу курал чыгаруудан баш тартуу тууралуу келишимге келүүдөн оболу Улуу Британия жана АКШ менен9 айга созулган тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG