Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Аскар Акаевдин Ирандагы ырасмий сапары уланууда


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаевдин Иран Ислам Республикасына ырасмий сапары уланып, бул күнү сапарда белгиленген негизги иш-чаралар өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Ирандагы элчилигинен кабарлашты. Алынган маалыматка караганда, президент Аскар Акаев Ирандын президенти Мохаммад Хатами менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Сүйлөшүүлөр соңунда курулуш, укук жана соода багытында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы сооданын көлөмүн 200 млн. долларга жеткирүү боюнча аракеттер жүрүүдө. Азыр эки өлкөнүн ортосундагы бир жылдык сооданын көлөмү 40 млн. долларга жакын. Кыргызстан ошондой эле Ирандан инвестиция тартууга да кызыкдар. Президенттин Ирандагы сапары 22-декабрда да уланып, ошол эле күнү кечинде ал Кыргызстанга кайтмакчы.

XS
SM
MD
LG