Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Ооган аскерлери кайрадан жоготууга учурады


Өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарында болгон жарылуу менен кол салуудан кеминде жети ооган аскери каза таап, бир нечеси жаракат алды. Ооган бийликтеринин маалыматына караганда, ооган–пакистан чек арасындагы Спин-Болдак деген жерден 20 чакырым алыстыкта аскерлерге кол салгандар Талибан согушкерлери деп болжолдонууда. Алар менен атышуу учурунда беш аскер каза тапкан. Ал эми кечээ өлкөнүн чыгышындагы Хост шаарын башкалаа Кабул менен байланыштырган жолдо автоунаасы минага кабылганда, эки жоокер мерт болду.

Ал эми бүгүн өлкөнүн чыгышындагы Жалалабад шаарында көчөдө болгон жарылуудан бир киши өлүп, бирөө жаракат алды.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG