Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Иран жана Египет Израилди Ливиянын жолун жолдоого чакырды


Египеттин президенти Хосни Мубарак Ливиянын массалык кыргын салуучу куралдар программасын токтотуу жөнүндөгү чечимин "оң кадам" катары баалады. Анын айтымында, эми ушундай эле кадамга Израил да барышы керек. Жогорудагыдай мүнөздөгү билдирүүнү бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи да жасады. Ал белгилегендей, эл аралык коомчулук эми массалык кыргын салуучу куралдарын ачыктоосу үчүн Израилге кысым көргөзүшү абзел. Израил өзөктүк куралы бар экенин эч убакта ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Иран өзү өлкөнүн өзөктүк жайларын МАГАТЭ уюмунун кең-кесири инспекциясына уруксат берген документке ушул аптада кол койду. Ливиянын жетекчилиги өзөктүк, химиялык, бактериологиялык куралдар боюнча бардык программаларын токтотоорун жума күнү жарыялаган болчу. Мунун алдында алар АКШ жана Британия менен тогуз ай жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. АКШнын президенти Жорж Буштун кечээги билдирүүсүнө караганда, Ливия АКШ менен Британияга тийиштүү документтерди өткөрүп берди:
- Полковник Каддафинин өзүнүн көрсөтмөсү астында Ливиянын расмий адамдары АКШ менен Британиянын чалгындоо кызматынын өкүлдөрүн өлкөнүн өзөктүк, химиялык, биологиялык куралдар, баллистикалык ракеталар программасы жана бул жааттагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү документтер менен камсыздады.
Ливиянын чечимин дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн баары кубатташты.

XS
SM
MD
LG