Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Орусияда «Яблоко» партиясы президенттик шайлоону бойкоттоорун жарыялады


«Яблоконун» лидери Григорий Явлинский бул тууралуу чечим партиянын курултайында кабыл алынганын бышыктады. Явлинскийдин айтымында, азыркыдай көп сандуу эркин маалымат каражаттары жана көз карандысыз сот системасы жок кырдаалда, саясий таймаш жана акыйкат шайлоо болушу мүмкүн эмес.
«Яблоко» жана дагы оппозициячыл партия – Оңчул күчтөрдүн Биримдиги үстүбүздөгү айда өткөн шайлоодо парламентке бир да өкүлүн өткөрө алышкан жок. Президенттик шайлоо келээрки март айына белгиленген.

XS
SM
MD
LG