БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон 22-декабрда алынган маалыматка караганда, шайлоо Баткен районундагы Актатыр жана Төрткүл айыл өкмөттөрүндө өттү. Актатыр айыл өкмөтүнүн башчылыгы үчүн Абдибаит Аватов менен Жолдош Сатыбалдиев ат салышып, натыйжада Жолдош Сатыбалдиев 54% добуш топтоп, жеңишке жетти. Ал эми Төрткүл айыл өкмөт башчылыгы үчүн катталган үч талапкердин экөө талапкерлигин алып салгандыктан, шайлоого жалгыз катышкан Арзамжан Сулайманов 92% добуш алып, айыл өкмөт башчысы болуп калды. Шайлоого Актатыр айыл өкмөтүндөгү шайлоочулардын 60,32%, Төрткүл айыл өкмөтүндөгү 81,53% шайлоочулар катышты.
Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты.
Редактор – Кубат Оторбаев.
Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты.
Редактор – Кубат Оторбаев.