Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Кербенге келишкен өзбекстандык укук коргоочулар кызматтан алындыбы?


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 10-декабрда Аксы районунун борбору Кербенде болгон окуяны талкуулоону улантышты. Бул күнү депутаттарга Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаров кошумча маалымат берди. Анын айтымында, Кербендеги окуя боюнча Өзбекстандын президенти Ислам Каримов реакция жасаган. Андан кийин Кыргызстанга келип мыйзамсыз аракеттерди жасаган 9 кызматкер иштен алынган. Азимбек Бекназаров Жалалабад облусунун прокурору тарабынан өзбек атуулдарынын кылмыш иши өз убагында козголбой туруп бошотулушун айыптады. Талкуудан кийин депутаттардын сынына бул окуядан тийиштүү жыйынтык чыгарууну өкмөттөн сураган токтомдун долбоору коюлуп, бирок, добуш жетпей калып кабыл алынган жок. Даярдалган токтом долбоорунда Жалалабад облусунун прокурорун жана Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын жетекчисин кызматтан алуу, чегара кызматын бекемдөө сунуштары жазылган эле.

XS
SM
MD
LG