Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Ички иштер министрлиги «тазаланып» жатат


БИШКЕК. Жыл ичинде Ички иштер министрлигинин 383 кызматкери иштен алынып, 183ү милициялыктан кетти. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев билдирди. Анын маалыматына караганда, ички тартипти бекемдеп, адистердин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн бир катар текшерүүлөр жүргүзүлдү. Сынактан 400 кызматкердин жыйырмасы өтпөй калды. Министрликтин өзүндө коопсуздук кызматы түзүлүп, жогорку кызмат орундарын ээлеген айрым кызматкерлердин иши иликтенди. Анын натыйжасында Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары М. Ракишев 2 жылдык түрмө жазасын алды. Атуулдардын арызын мыйзам чегинде иликтебей койгондугу үчүн өткөн ишемби күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Мелис Турганбаев кызматынан алынды. Жыл ичинде мыйзамдарды жана ички тартипти бузгандыгы үчүн 2350 кызматкер жазаланып, алардын 91ине карата 62 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG